Бука тартыш, ит тартыш

Википедия дан

Бука тартыш, ит тартышбалбандардын күчүн сыноочу элдик оюн. Ортого чыккан эки балбан туюкталган аркандын эки жагын моюндарына илип, төрт аяктап, эки кат арканды эки бутунун ортосунан өткөрүп, экөө эки жакты баштанып, аркандын дал ортосун экөөнүн ортосундагы чийинге так келтирип турушат.

Калыс адам бир, эки, үч деп үн чыгарганда экөө эки жакты көздөй бирин бири сүйрөп кетүүгө аракет кылышат. Кимиси күчкө салып сүйрөп отуруп чийинден өткөрүп кетсе, ал жеңишке жетишет. Бул оюн азыр деле ойнолот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]