Булагы ачык лицензия

Википедия дан

Булагы ачык лицензия же ачык булак лицензиясы (англ. Open-source license) — компүтердик программа үчүн лицензиянын түрү; белгиленген шарт жана талаптарга ылайык булак кодун, долбоорун же дизайнын колдонууга, өзгөртүүгө жана/же бөлүшүүгө уруксат берген башка продукциялар. Бул акыркы колдонуучуларга жана коммерциялык компанияларга өздөрүнө ылайыкташтырууга, өздөрүнүн кызыгуусуна жараша же оңдоо муктаждыктарына карата булак кодду карап чыгып өзгөртүүгө өбөлгө түзөт. Ачык булак лицензиялуу программа көбүнесе акысыз жеткиликтүү, бирок бул сөзсүз эле маселе болушу керек эмес. Булак кодду жеке колдонуу үчүн гана, коммерциялык мүнөздө таркатууга жана өзгөртүүгө уруксат бербеген лицензиялар жалпысынан ачык булак лицензиялар деп эсептелбейт. Бирок, ачык булак лицензиялар деле айрым чектөөлөрдү камтышы мүмкүн. Айрыкча жазуучулардын атын сактоо талабы, коддун ичиндеги автордук укук билдирмеси, же болбосо лицензиялуу программаны бир гана окшош лицензиянын ичинде (копилефт лицензиясында болгондой) тарткатуу талабы сыяктуу программанын түп нускасына урмат-сыйды туюнткан чектөөлөрдү атаганга болот. Ачык булак программа лицензияларынын популярдуу тобу өздөрүнүн Ачык булак аныктамасынын (OSD) негизинде Ачык булак демилгеси (OSI) тарабынан бекитилет.

Коомдук домен ачык булак лицензиясы катары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2004-жылдын айланасында юрист Лоренс Розен "Эмне үчүн коомдук домен лицензия эмес?" аттуу дил баянында программа коомдук домендин карамагына чындыгында чыгарыла албайт, ошондуктан өтө либералдуу ачык булак лицензиясы деп чечмелегенге болбойт деп талкуу кылган. Бул көз караш Дэниел Ж. Бернштейн жана башкалар тарабынан каршы пикир жараткан. 2012-жылы Розен CC0дү ачык булак лицензиясы катары кабыл алгандан кийин талаш-тартышка акыры чекит коюлган. АКШнын Тогузунчу аймагынын апелляциялык сотунун чечимине таянып, өзүнүн мурунку автордук укукту алып салса болот деген дооматтарына карама-каршы болсо да кабыл алган.

Салыштыруулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эркин программа фонду бир программанын эркин программа экенин текшерген лицензия боло алар-албасына байланышкан, бирок так критерийлери бар. Көпчүлүк эркин программа лицензиялары дагы ачык булак программа лицензиялары болуп эсептелет. Ошол сыяктуу эле, Debian долбоорунун да Debian эркин программа нускамалары деген өзүнүн критерийлери бар, ага Ачык булак аныктамасы негизделген. FSFтин чечмелөөсүндө Ачык булак лицензиясынын критерийлери булак кодунун жеткиликтүү экенине, аны өзгөртүүгө жана бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк бар экенине таянат. Ал эми эркин программалык лицензиялар колдонуучунун программаны колдонуу, өзгөртүү жана бөлүшүү эркиндигине басым жасайт.

Ошондой эле, Microsoft Reciprocal License (MS-RL) сыяктуу ачык булакка окшош жактары болгон бөлүшүлгөн булак лицензиялары ("булагы жеткиликтүү") дагы бар. Негизинен алар Microsoft тарабынан колдонулат жана өтө чектелген программалардан тарта салыштырмалуу түрдө эркин ачык булак программасына чейин жетет.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]