Булан-Төр мөңгүсү

Википедия дан

Булан-Төр мөңгүсү – Борбордук Теңир-Тоодогу татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 7,4 км, туурасы 700–1500 м, аянты 9,3 км2. Кайыңды кырка тоосунун түштүк капталында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5240 м, этеги 3000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Абляция облусунун аянты 3,1 км2. Негизги кырка тоо менен анын түштүк тармагынын ортосундагы кеңири төрдөн башталып, батышка карай багытталган. Мөңгүдөн аты окшош суу агып чыгып, Көйкапка оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]