Була-оптика

Википедия дан

Була-оптика – ийилгич көп тарамчалуу була тутамы аркылуу жарык жана толкун өткөрүлүшүн изилдөөчү оптика бөлүмү. Ал 1950-ж. пайда болгон. Була-оптикалык тетикте жарык сигналы жарык өткөргүчтүн бир учунун бетинен экинчи учундагы бетке сүрөттөлүш элементтеринин жыйындысы катары берилет. Ар бир сигнал өзүнүн жарык өткөргүч тарамчасы аркылуу өтөт. Булалуу тетикте демейде айнек була колдонулат, анын жарык өткөргүч талчасына (өзөкчөсүнө) сынуу көрсөткүчү азыраак болгон башка айнек кабыкча оролот. Ошондуктан өзөкчө менен кабыкчанын бөлүнгөн бетине түшкөн нурлар толук ички чагылышка ээ жана жарык өткөргүч тарамча боюнча таралат. Мындай чагылыштар көп болсо да жарык негизинен айнектин массасында жутулат. Жарык өткөргүчтү өтө таза материалдан жасап, жарык сигналынын начарлашын бир нече ∂Б/кмге чейин азайтууга болот. Жарык өткөргүч талчалардын жоондугу бир нече мкмдан бир нече ммге чейин болот. Диаметри толкун узундугунан чоң жарык өткөргүч аркылуу жарык геометриялык оптиканын закондору боюнча тарайт. Була-оптикада сүрөттөлүштү берүү үчүн катуу көп талчалуу жарык өткөргүчтөр жана иреттелген булалуу өрүмчөлөр колдонулат. Сүрөттөлүштү берүү сапаты жарык таралуучу тарамчалардын жоондугу, жалпы саны жана жасалышы боюнча аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]