Булта

Википедия дан

Булта, Каар булта, Кара булта — мифологиялык кейипкер. Будданын кыргыз тилине ылайыкташтырылып айтылышы. «Туңша кытай баласы, Сүрөттөрүн Булта дейт», «Булта деген бут экен», «Көөхар таштан көздөгөн, Эрини жакут, инжи тиш, Каар Булта сүрөтү» деген сүрөттөөлөрдөн же эпостогу кытай, калмак элдеринин: «Кара Булта теңирим», «Каар Булта кудайым»,— деп кайрылуулары көрсөтүп тургандай (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 9-6; 576-инв., 876, 886-б.) манасчы буддизм жана анын башкы кудайы Будда жөнүндө бир кыйла терең кабардар болгон. «Будда» деген сөздү санскрит тилинен сөзмө-сөз которгондо «нурданган» деген түшүнүктү билдирет жана буддизмди негиздеген Сиддхартхе Гаутаменин (б. з. ч. 623—554-ж.) ардактуу аты. Буддисттер анын сүрөтүнө (статуясына) чокунуп сыйынышат. Эпосто ага ушундайча жол менен кытай-калмактар ар түрдүү тилек тилеп кайрылганы көп жолу эскерилет. Манасчы буддистче чокунуунун эрежелери, дубасынын тексттери менен да тааныш болгону байкалат. «Лайламалуу» деп кытайча намаз окунуп, алтын буттун алдында кырк төрт кайра чокунуп: «Маны, маны батманхун» калмагынча окунуп, Жалынып турду бутуна» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 658-б.). Бул ыр саптарында кезиккен: «Мани, мани батманхун» («Оммане, манне падмехум»)— «Жараткан, бере көр!» деген мааниде буддисттердин келме катары такай колдонгон дубасы. Дин өкүлдөрү калтырган бул дуба Кыргызстандагы байыркы гаш эстелик — жазуулардан жолугат (Ч. Джумагулов. Эпиграфи-а Киргизии, в. 3. — Фр., 1987, 78-79-б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4