Бултеке чополуу бүлөө таш кени
Бултеке чополуу бүлөө таш кени – Чүй облусунун Москва районунда, Беловодский (Ак-Суу) кыштагынан 35 км түштүк тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун Түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1546–1700 м бийиктикте. 1969–70-ж. Түндүк геологиялык экспедициясы чалгындаган. Аймагын негизинен ордовик менен антропоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө жана девондун аягында жиреп чыккан интрузия тоо тектери түзөт. Күңүрт боз, кара түстөгү серицит-чопо-көмүртектүү жана көмүр чополуу бүлөө таш (сланец) кендин пайдалуу катмары. Алардын калыңдыгы 600 мден ашык. Бүлөө таштын көөп чыгуу коэффициенти. 6,14% жана температурасы 116°С, орточо тыгыздыгы 0,44 г/см3. Бүлөө таш «Б» классынын «500» маркасындагы керамзиттик гравий жана кум алууга жарамдуу. Запасы А+В категориясы боюнча 3873 миң м3, С1 37500 миң м3. Баланстагы запасы: А-112 миң м3, В-1109 миң м3, С2–37500 миң м3.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4