Булут өлчөгүч

Википедия дан

Булут өлчөгүч – булуттун төмөнкү жана жогорку чегинин бийиктигин өлчөөчү прибор. Ал асманга шар-зонд менен көтөрүлүп, булутка киргенде жана андан чыкканда жарык шооласынын өзгөрүшүн жана абадагы суу тамчыларын сезгич элементтүү радио бергич аркылуу жерге жиберет. Ал сигналдар жердеги байкоо пункту тарабынан кабыл алынат. Шар-зонддун бийиктиги боюнча ылдамдыгы жана сигнал өзгөрүлгөнгө чейинки убакыт белгилүү болгондон кийин, булуттун бийиктиги эсептелип чыгарылат. Булут өлчөгүч метеорологияда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]