Мазмунга өтүү

Бурабай улуттук жаратылыш паркы

Википедия дан
Бурабай улуттук жаратылыш паркы

«Бурабай» улуттук жаратылыш паркы (каз. «Бурабай» мемлекеттік ұлттық табиғи паркі, СССР учурунда «Боровое мамлекеттик коругу жана курорту» деп аталган[1]) — Казакстандын Акмоло облусунун Бурабай районундагы Бурабай көлүнүн айланасында жайгашкан табигый корголуучу аймак. Улуттук жаратылыш паркынын аймагында чарбалык иштерге толугу менен тыюу салынат. Улуттук парк Казакстан Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын карамагында.

1850-жылы Россия империясынын казактары Щучинский аталышындагы отурукташкан жайды, 1870-жылы Боровская деген аталышындагы станицасын негиздешкен. Кийин бул станицасынын аталышынан бүткүл аймактын «Боровое» деген аталышты алган[2].

1898-жылы Бурабай көлүнүн айланасындагы токойлордо коргоо үчүн атайын токой чарбасы түзүлгөн.

1910-жылы кургак учук жана башка өпкө ооруларын дарылоо үчүн курорт түзүлгөн[3].

Совет мезгилинде, 1920-жылдан тартып Боровое конушунун айланасындагы жерлер Орусия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик маанидеги курорту катары иштеген.

1935-жылы Казак АССРинин түндүгүндө «Боровое мамлекеттик коругу» уюштурулган. Бул аймакка 1941-1943 жж. согуш учурунда СССРдин Илимдер Академиясынын окумуштуулары эвакуацияланган.

1951-жылы корук жоюлуп, анын ордуна «Боровое токой чарбасы» түзүлгөн.

1997-жылы токой чарбасынын ордуна «Бурабай» табигый ден соолукту чыңдоочу токой комплекси аталышындагы мамлекеттик мекеме түзүлгөн[4].

2000-жылы аянты 83 511 гектар болгон «Бурабай улуттук жаратылыш паркы» мамлекеттик мекемеси түзүлгөн, аянтынын 47 600 гектарын токойлор ээлейт[5]. 2010-жылы парктын аянты 129 935 гектарга чейин кеңейтилген. 2012-жылы 370 гектар жер запастагы жер категориясына которулган.

Казакстандын Акмоло облусунун Бурабай районунда жайгашкан. Учурда улуттук парктын жалпы аянты 129 485 гектарды түзөт[6].

Флора жана фауна

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаныбарлардын 39 түркүмгө жана 133 тукумга кирген 469 түрү парктын аймагын байырлашат (балыктардын 16 түрү, жерде-сууда жашоочулардын 2 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 2 түрү, куштардын 220 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 48 түрү, курт-кумурскалардын 179 түрү)[7].

Улуттук парктын аймагында 754 өсүмдүктүн түрү бар, алардын 20 түрү сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр катары Казакстандын Кызыл китебине киргизилген жана 79 өсүмдүктүн түрү реликтилик болуп саналат[8].

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]