Бурама сайлуу бириктиргич

Википедия дан

Бурама сайлуу бириктиргич – машинанын ар кандай бөлүктөрүн бири бирине бекитүүчү тетиктер жыйындысы. Бириктиргичтин негизги тетиктери: буроо (болт), жуп буроо (шпилька), бурама. Алардын конструкциялык формасы жана өлчөмдөрү ар түрдүү. Тартылган бириктиргич аны ажыратуучу күчкө же буроо менен бураманын ортосунда кысылуудан пайда болгон сүрүлүү күчү кесүүчү күчкө туруштук бериш керек. Тетиктердин бөркү 6 жактуу, квадрат, тегерек же жарым тоголок жана башка формада болот. Бирикменин конструкциясында буроонун бөркү жайгашуучу орун болбогондо, жуп буроо же бурама колдонулат. Жуп буроо көп учурда динамикалык күчкө жакшы туруштук берип, конструкцияны жыйноо, ажыратуу да оңой болот. Бекитүүчү тетиктин бетин бузбоо үчүн буроонун бөркүнүн же бураманын астына эбелек коюлат. Бекитүүчү тетиктер (арналышына жараша) көмүртектүү, легирленген, дат баспоочу болоттон же түстүү металлдан жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]