Бургунддар

Википедия дан

Бургунддар – чыгыш герман уруусу . Биздин замандын 1-кылымында (адегенде Борнхольм аралында жашаган деп болжошот) континентке өтүшкөн. 406-ж. Рейнде борбору Вормс болгон королдугун негиздешкен. 443-ж. Рим федератынын укугу берилип, Савой аймагына көчүрүлгөн. Империянын начарланышынан пайдаланышып, Бургунддар 457-ж. Рона дарыясынын бассейнин ээлешет да, борбору Дион болгон жаңы королдукту түзүшөт. Бул ыдырай баштаган Батыш Рим империясындагы алгачкы «варвардык» королдуктардын бири болду. Алардын галл-римдиктердин жерлерин ээлөөсү жана бөлүштүрүүсү феодалдаштыруу процесси үчүн чоң мааниге ээ болгон. Бургунддар 6-кылымдын башында католик динин кабыл алган. 543-жана башка королдугу Франк мамлекетине биротоло кошулган. Кийин Түштүк Франциянын калкынын курамына кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]