Бурденко Николай Нилович
Бурденко Николай Нилович [22. 5 (3. 6). 1876, азыркы Пенза облусу, Каменка кыштагы – 11. 11. 1946, Москва] – орус хирургу, нейрохирургияга негиз салуучулардын бири, СССР Илимдер академиясынын академиги (1939), СССР Илимдер академиясынын академиги жана биринчи президенти (1944–46), аскердик медицина кызматынын генерал-полковниги, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1943). СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941). 1906-ж. Юрьев (азыр Тарту) университетин бүтүргөн, 1910-жылдан ошол эле университетте профессор, Воронеж (1918) жана Москва (1932) университеттеринин медициналык факультетинде профессор. 1929-жылдан нейрохирургия клиникасынын директору. 1937-жылдан Советтик Армиянын башкы хирург-консультанты. Бурденко борбордук жана четки нерв системасынын хирургиясын клиникалык практикага биринчи киргизген; шоктун пайда болуу себебин жана дарылоо жолдорун изилдеген; жүлүнгө операция кылууну сунуш кылган. Борбордук жана вегетативдик нерв системасынын онкологиясы, мээнин кан айлануусу жана башка боюнча да баалуу идеяларды айткан. Ал нейрохирургдардын бөтөнчө мектебин түзгөн жана советтик саламаттык сактоо ишин уюштурууга активдүү катышкан. Борбордук нейрохирургия институтуна ысмы берилген, нейрохирургия жана аскердик талаа хирургиясы боюнча мыкты иштерге ыйгарылуучу Н. Н. Бурденко атындагы сыйлык белгиленген. Үч Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4