Бурж Халифа

Бурж Халифа (ар. برج خليفة — «Халифа мунарасы», 2010-жылга чейин «Бурж Дубай» — «Дубай мунарасы») — Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарында жайгашкан бийиктиги 828 метр болгон имарат[1]. Дүйнөдөгү эң бийик жана эң көп кабаттуу имарат, ошондой эле адамзат тарыхындагы эң бийик курулуш болуп саналат.
Имараттын тепкич сымал формасы сталагмитти элестетет. Имараттын салтанаттуу ачылыш аземи 2010-жылдын 4-январында болуп өткөн[2][3]. Башында имаратты 2009-жылдын 9-сентябрында Дубай метросу менен бир убакта ачуу пландалган, бирок курулуш компаниясы тарабынан иштерди каржылоо кыскаргандыктан, ачылышы 2010-жылдын январь айына жылдырылган.
2007-жылдын 21-июлунан тарта дүйнөдөгү эң бийик курулуш болуп эсептелет. 2008-жылдын 19-майынан тарта адамзат тарыхындагы эң бийик курулуш макамын алган. Имараттын бийиктиги — 828 метр жана 163 кабаттан, узундугу 180 метр болгон дүйнөдөгү эң узун шпилден турат.
Долбоору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Дубай мунарасы» өзүнүн газондору, бульварлары жана парктары менен «шаар ичиндеги шаар» катары долбоорлонгон. Курулуштун жалпы наркы 1,5 миллиард АКШ долларын түзгөн. Бул имараттын долбоорун Чикагодогу Уиллис мунарасын, Нью-Йорк шаарындагы №1 Дүйнөлүк соода борборун жана башка жалпыга белгилүү имараттарды долбоорлогон америкалык «Skidmore, Owings and Merrill» архитектуралык бюросу иштеп чыккан[4].
Долбоордун автору — Кытайдагы бийиктиги 420 метрди түзгөн Цзинь Мао мунарасынын долбоорлого катышкан америкалык архитектор Эдриан Смит. Башкы подрядчик катары Түштүк Кореянын Samsung компаниясынын курулуш бөлүмү тандалган[5].
Курулуш иштери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Имараттын курулушу 2004-жылы башталып, жумасына орто эсеп менен бир же эки кабат ылдамдыкта курулган. Курулушта күн сайын 12 миңге чейин жумушчу иштеген. Жалпысынан 320 миң м³ бетон жана 60 миң тоннадан ашык болот арматурасы колдонулган. Бетон иштери 160-кабатка чейин жүргүзүлүп, андан кийин 180 метрлик шпиль металл конструкциялардан чогултулган[4].
Бурж Халифа үчүн атайын +50°C ысыкка чыдаган бетондун түрү иштелип чыккан. Бетон аралашмасы түнкүсүн жана муз кошуу менен гана куюлуп турган[6].
Нью-Йорк шаарындагы көк асман тиреген имараттардан айырмаланып, Бурж Халифанын пайдубалы таштуу грунтка бекитилген эмес. Пайдубалда узундугу 45 метр жана диаметри 1,5 метр болгон илмек түрүндөгү казык устундар колдонулган, алардын жалпы саны 200гө жакын. Имараттын формасы асимметриялуу болуп, сталагмитти элестетет — мындай чечим шамалдан термелүүсүн азайтуу үчүн тандалган[6].
Имараттын сырткы бетинин жалпы аянты он жети футбол талаасына барабар. Ал айнек менен капталган атайын термопанелдер менен жасалган, бул ички бөлмөлөрдүн ысып кетишин азайтып, салкындаткычдарды колдонууга болгон муктаждыкты төмөндөтөт. Бурж Халифанын айнектерин күн сайын жуушат, бирок бардык бетин толук тазалоого үч айга жакын убакыт кетет[6].
Курулуш иштеринин хронологиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2004-жылдын январь айында пайдубалдын ордунда казуу иштери башталган[7]
- 2005-жылдын март айында курулуш иштери башталган[7].
- 2007-жылдын февраль айында имараттын бийиктиги Чикагодогу Уиллис мунарасынын (443,2 м) бийиктигинен ашкан[7].
- 2007-жылдын 21-июлунда бийиктиги Тайбэй 101 мунарасынан (509,2 м) да жогору болгон[7].
- 2007-жылдын 15-сентябрына карата Бурж Халифанын бийиктиги 555,3 метрге жетип, 31 жыл бою дүйнөдөгү эң бийик эркин турган курулуш макамын сактап келген Торонто шаарындагы Си-Эн мунарасынын рекордунан ашкан[7].
- 2007-жылдын 24-октябрына карата 156 кабаттуу темир-бетон конструкциясынын бийиктиги 585,7 метрге жеткен[7].
- 2008-жылдын январында бийиктиги 589,5 метрге жеткен[7].
- 2008-жылдын 5-февралында бийиктиги 604,9 метрди түзүп, 159-кабаты бүткөн[7].
- 2008-жылдын 8-апрелинде имараттын бийиктиги 630 метрге жеткен[7].
- 2008-жылдын 12-майында — имараттын бийиктиги 636,9 метрге жетип164-кабаты бүткөн[7].
- 2008-жылдын 1-сентябрында — имараттын бийиктиги 687,9 метрге жеткен[7].
- 2008-жылдын 26-сентябрында — имараттын бийиктиги 707 метрге жеткен[7].
- 2008-жылдын 30-декабрында — имараттын бийиктиги 780 метрге жеткен[7].
- 2009-жылдын 17-январында имараттын бийиктиги расмий жарыяланган 818 метрге жеткен[7].
- 2010-жылдын 4-январында имараттын расмий ачылыш аземи болуп, имараттын так бийиктиги — 828 метр экени ошол күнү гана расмий жарыяланган[7].
- 2006-жылдын 1-февралы
- 2006-жылдын 29-августу
- 2007-жылдын 21-марты
- 2007-жылдын 26-сентябры
- 2007-жылдын 4-декабры
- Бурж Халифанын 2008-жылдын 11-мартында тик учактантан тартылган сүрөтү
- Бурж Халифанын 2008-жылдын 11-мартында тик учактантан тартылган сүрөтү
- 2008-жылдын 25-марты
- 2009-жылдын 12-апрели
- 2009-жылдын 10-июлу
Түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Кабат | Кайсы максатта колдонулат | Диметрикалык проекциясы |
|---|---|---|
| 160–163 | Техникалык кабат | ![]() |
| 156–159 | Байланыш жана коммуникация | |
| 155 | Техникалык кабат | |
| 152–154 | The Lounge обсерваториясы | |
| 149–151 | Кеңселер | |
| 148 | At the Top Sky обсерваториясы | |
| 139–147 | Кеңселер | |
| 136–138 | Техникалык кабат | |
| 125–135 | Кеңселер | |
| 124 | At the Top обсерваториясы | |
| 123 | Ачык вестибюль | |
| 122 | At.mosphere рестораны | |
| 111–121 | Кеңселер | |
| 109–110 | Техникалык кабат | |
| 77–108 | Батирлер | |
| 76 | Ачык вестибюль | |
| 73–75 | Техникалык кабат | |
| 44–72 | Батирлер | |
| 43 | Ачык вестибюль | |
| 40–42 | Техникалык кабат | |
| 38–39 | Armani мейманканасынын кеңселери | |
| 19–37 | Батирлер | |
| 17–18 | Техникалык кабат | |
| 9–16 | Armani Residences апартменттери | |
| 1–8 | Armani мейманканасы | |
| Ground | Armani мейманканасы | |
| Concourse | Armani мейманканасы | |
| B1–B2 | Унаа токтотуучу жай, Техникалык кабат |
Бурж Халифа — Дубайдагы жаңы бизнес борборунун негизги бөлүгү болуп саналат. Комплекстин ичинде мейманкана, батирлер, кеңселер жана соода жайлары жайгашкан.
Имараттын мейманканага, батирлерге жана кеңсе бөлүктөрүнө арналган үч кире бериштери бар. Armani мейманканасы жана ушул эле компаниянын кеңселери 1–39-кабаттарда (17 жана 18-техникалык кабаттардан тышкары) жайгашкан. Мейманкананын ички жасалгасын белгилүү дизайнер Жоржо Армани өзү иштеп чыккан.
44–72 жана 77–108-кабаттарда 900 батир жайгашкан.
100-кабат толугу менен индиялык миллиардер Шетти Б. Р. таандык, бул кабатта, ар биринин аянты болжол менен 500 м² болгон үч батир жайгашкан.
Кеңселер 111–121, 125–135, 139–147 жана 149–151-кабаттарда жайгашкан. 43 жана 76-кабаттарда спорт залдар, бассейндер жана жакузи менен жабдылган залдары жана Дубайды бийиктиктен кароо үчүн аянтчалары бар. Дүйнөдөгү эң бийик бийиктиктен кароо үчүн аянтча 148-кабатта жайгашкан, ал эми экинчи ушундай эле аянтча 124-кабатта же 452 м бийиктикте жайгашкан. 122-кабатта дүйнөдөгү эң бийик деңгээлде жайгашкан 80 орундуу «At.mosphere» рестораны иштейт.
Имараттын үстүндөгү жасалма мунара декоративдик гана эмес, байланыштык функцияны да аткарат, ага телекоммуникациялык жабдуулар орнотулган.
Имараттын ичиндеги аба салкындаткычтар аркылуу муздатылат жана атайын мембраналардын жардамы менен жыпар жыт чачылып турат. Бурж Халифа үчүн өзүнчө уникалдуу жыт формуласы иштелип чыккан. Жыпар жыт жана таза аба жертамандагы атайын торчолор аркылуу берилет.
Имараттын алдыда 12 гектар аянттагы жасалма көлгө Дубай музыкалык оргумасы орнотулган. Оргуманы 6600 жарык булагы жана 50 түстүү прожектор жарыктандырат. Оргуманын узундугу 275 м, ал эми суу атылуусунун бийиктиги 150 метрге жетет.
Инженердик коммуникациялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Механикалык, электр жана санитардык-техникалык инженердик тутумдар имараттын курулуш долбоорлоо баскычында эле түзүлгөн. Мунарадагы суу тутуму аркылу күн сайын орто эсеп менен 946 000 литр суу берилет. Бул орточо үй-бүлөнүн күнүмдүк суу керектөөсүнөн 600 эсе көп. Мунаранын конденсат чогултуу системасы жылына кошумча 57 миллион литр суу менен камсыз кылат[8].
Мунаранын максималдуу электр колдонуусу 36 МВт[8].
Имараттын ичинде 57 лифт жана 8 эскалатор орнотулган. Техникалык жана кызматтык лифттер гана биринчи кабаттан акыркы кабатка чейин көтөрүлөт, ал эми жашоочулар жана имараттын коноктору үчүн колдонуулучу лифтер бир нече кабаттын ортосунда гана жүрө алат. Башкача айтканда, биринчи кабаттан эң акыркы кабатка чыгуу үчүн бир нече жолу бир лифтен экинчи лифтке түшүү керек. Интернеттеги көп сандаган маалымат булактырда бул имараттагы лифттер дүйнөдөгү эң ылдам лифттер жана ылдамдыгы 18 м/с жетет деп белгиленген, бирок имараттын расмий сайтында лифттердин ылдадыгы 10 м/с деп көрсөтүлгөн. Имаратта дүйнөдөгү эң бийик кабатка, 5500 кг жүк көтөрүп чыгара алуучу лифт орнотулган[9].
Сырткы каптамасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Имараттын сырткы каптамасы алюминий рамасына орнотулган эки катмарлуу айнек панелдерден турат. Ар бир айнек панелдин салмагы 362 кг. Сырткы каптамасында 26 000 кол менен кесилген айнек панелдер колдонулган. Бул иштерди аткаруу үчүн Кытайдан 300дөн ашык адистер тартылган. Энергияны үнөмдөө максатында жана жайкы аптап учурунда күндүн нурун чагылдырып, имаратты ысып кетүүдөн сактоо үчүн ар бир айнек панели сыртынан күмүш менен жалатылган[10].
Бурж Халифа — 512 метр бийиктикте алюминий жана айнек фасады орнотулган дүйнөдөгү эң бийик имарат катары дагы дүйнөлүк рекорд койгон[10].
Имаратка таандык рекорддор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- адамзаттын тарыхындагы 828 метрге жеткен эң бийик курулуш;
- учурдагы кургактыктагы эң бийик курулуш;
- эркин турган эң бийик курулуш;
- эң бийик имарата;
- эң көп кабаттуу имарат;
- акыркы кабаты эң жогорку бийиктикте жайгашкан имарат[11];
- эң бийиктикке көтөрүүлүчү лифт[11];
- имаратты куруу үчүн бетонду эң жогорку бийиктикке көтөрүү;
- эң бийик жайгашкан ресторан[12][13].
Сүрөт галереясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Council on Tall Buildings and Urban Habitat. Burj Khalifa. Dubai
- ↑ Азаттык. Дубайда дүйнөдөгү эң бийик мунара ачылды
- ↑ BBC. World's tallest building opens in Dubai
- 1 2 Architecture + Design. Burj Khalifa: Everything You Need to Know About the Tallest Building in the World
- ↑ BBC. Samsung to build tallest building
- 1 2 3 Construct. Iconic construction projects Burj Khalifa
- 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 Time Out. How the Burj khalifa was built
- 1 2 Burj Khalifa. Services
- ↑ Burj Khalifa. Service Floors
- 1 2 Burj Khalifa. Exterior Cladding
- 1 2 Construcitonweekonline.com. 2023 Gault&Millau UAE Gala Awards Winners Announced: Discover the Best in Culinary Excellence
- ↑ Emirates 24/7. And the world’s highest restaurant is ready to serve
- ↑ Foodie Gossip. Dubai Opens the 'World's Highest' Restaurant: AT.MOSPHERE
