Бурканбаев Үсөн Оросканович

Википедия дан

Бурканбаев Үсөн Оросканович (25. 8. 1952-ж. туулган, Кызыл-Ой кыштагы) - эл агартуунун отличниги (2003), жетекчи кызматкер.

  • Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн (1976).
  • Эмгек жолун 1968-ж. Суусамыр МЖСинде механизатор болуп баштаган.
  • 1976-жылдан Суусамыр орто мектебинде дене тарбия мугалими, 1979-84-жылдары мектептин кесиптик бирлигинин төрагасы, 1989-жылдан - 1992-жылга чейин директордун орун басары, 1992-жылдан Суусамыр орто мектебинин директору.
  • 2003-08-жылдары АРИСке төрага болуп шайланган.
  • 1998-2003-жылдары Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты болгон.
  • Суусамыр айыл кеңешинин, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын жана билим берүу бөлүмүнүн, Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9