Буркан көлү

Википедия дан

Буркан көлү - Ички Теңир-Тоодогу көл. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталындагы (Аоабел сыртында), Кичи Нарындын башаты – Буркан суунун башында жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 3822м бийикте батыштан чыгышка карай созулган чакан ойдуң ду ээлеп жатат. Узундугу 1,5 км, эң жазы жери 0,55км. Аянты 0,493 км, суусунун көлөмү 1,671 млн м. Эң терең жери 10м. Көл кар жана булак суулары менен толукталып, андан Буркан суусу агып чыгат. Көлдүн дең гээли 1,5 мге чейин өзгөрөт. Жээгинин айрым бөлүгү аскалуу, кээ жери жыл мезгилине жараша саздуу. Тунуктугу 3м. Көл чанагы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:География Кыргызстана. Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2004, с. 71–72. ISBN 9967-14-006-2