Бурлактар

Википедия дан

Бурлактар - кемелерди аркан менен дарыяны жээктей сүйрөп же аларды сууда калак менен жылдырып жүрүүчү жалданма жумушчулар.

Бурлактар 16-17-кылымда суу транспортунун начарлыгынан чыккан. Бурлактар Ак деңизде, Волга жана Днепрде болгон. Алардын көпчүлүгү оокат табыш үчүн уюшуп иштешкен дыйкандар эле. Жумуштун оордугуна карабастан, Бурлактардын тапкан акчалары көп убакта кайра үйүнө кетүүгө жетчү эмес, кээде карыздар болуп кайтышчу. 20-кылымдын башында Бурлактар такыр жоюлду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.