Буруж сүрөсү

Википедия дан
  • 85-сүрө

Буруж сүрөсү (1) топжылдыздар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Меккеде түшүрүлгөн. 22 аяттан турат
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Мен топжылдыздар мекени - асманга ант,
  • 2. Убада кылынган (Кыямат) күнгө ант…
  • 3. (Ошол күнгө) күбө болунган (окуялар)га ант (айтамын):
  • 4. Чуңкур ээлерине - өлүм болусун! (2)
  • 5. (Ал чуңкур) отундуу жалын!
  • 6. Ошондо, алар (отко ыргытылган ыймандуулардын күйгөнүнөн ырахат алып) чуңкурдун жээгинде олтурушкан!
  • 7. Алар(дын желдеттери) ыймандуударга жасап жаткан (азаптуу) иштерге күбө болуп турушкан!
  • 8. (Каапырлар) аларды Жеңүүчү, мактоого арзыган Аллахка ыйман келтиргендери үчүн гана азапка салышты! (3)
  • 9. Ал асмандар жана жер мүлкүнүн (жалгыз) Ээси! Аллах ар бир нерсеге Күбө!
  • 10. Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды динден кайтарууга аракеттенип, кийин тооба кылбагандарга тозок азабы бар! Жана аларга күйдүрүүчү азап бар!
  • 11. Ал эми, (Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, Акырет күнгө жана жакшы-жаман тагдырга) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган пенделер үчүн түбүнөн дарыялар аккан бейиштер бар! Бул - чоң жеңиш!
  • 12. Чынында, Раббиңдин (азап менен) кармашы аябай катуу!
  • 13. Бир Ɵзү гана жоктон бар кылат жана (Кыяматта жашоону) кайра жаратат.
  • 14. Ал - Кечиримдүү, (жана) Вадууд! (4)
  • 15. (Ал) Арштын Кожоюну (жана) Улук!
  • 16. Каалаганын жасоочу!
  • 17. (О, Мухаммад) сага (Мусанын артынан кууган) аскерлердин!
  • 18. Фираундукн жана Самуд коомунун кабары келди беле?
  • 19. Жок, каапырлар (дагы эле, Кураанды жана кайра тирилүүнү) "жалган" дешүүдө.
  • 20. Аллах болсо, аларды (бардык иштерин) камтып-билип турат.
  • 21. Аныгында ал - Улуу Кураан! (каапарлар миң ирет "жалган" десе да кадыр-бакры төмөндөбөйт. Себеби, ал:)
  • Лавкул-Махфузда!
  • (4) өзүнө моюн сунгандарды сүйүүчү жана өзү дагы ыймандуулар тарабынан катуу сүйүлгөн