Бутара менен кум чайкоо

Википедия дан

Бутара менен кум чайкоо – чачынды кендин үстүнө салынган арыкка суу жиберүү менен кумдагы металлды бөлүп алуунун жөнөкөй процесси. Суу акырындап жеңил тектерди жууп кетет. Оор минералдар арыктын түбүндө чөгөт да, анан бутара жана ноочо аркылуу тазаланып алынат. Бул метод 19-кылымдын 30-жылдары Уралда кен иштетүүнүн гидравликалык жолун ойлоп чыгарууга негиз болгон. Кен чачындысын экскватордун, бульдозёрдун, скрепердин жардамы аркылуу механикалаштырылган гидравликалык жол менен алуу ыкмасы бутара менен кум чайкоону сүрүп чыгарууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]