Бут куйруктуулар

Википедия дан

Бут куйруктуулар (Collembola) - курт-кумурскалар классынын түркүмү. Денеси кылдуу түктөр менен капталган.

Ооз органдары кемирүү жана сайып оорууга ылайыкталган. Канаттары жана көздөрү жок. Бут куйруктуулардын мүнөздүү органы - алардын курсак көңдөйүндө жайгашкан секирткич айрычасы, анын жардамы менен таянчыктап секирип жылат.

Бут куйруктуулар ар түрдүү шарттарда, өзгөчө нымдуу, чириндилерде, өсүмдүктөрдүн калдык-тарынын арасында, кээ бирлери сууда жашайт, чириндилерди жейт. Жаратылыштагы зат алмашууда жана топурактын пайда болушунда көрүнүктүү роль ойлойт. Алардын жашылча, жер-жемиштергө зыян келтирүүчү бир нече түрү бар. Мис, сары Бут куйруктуулар кызылча, картошка, ашкабакка жана жүзүмгө зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.