Буудайчиева Разия
Буудайчиева Разия Шырдакчы. 1923-ж. Кочкор районундагы Кызыл-Дөбе айылында төрөлгөн.
Ал айылдаштарына үлгү таратуучу катары таанылган. Саймачылыктан уздугун баштап, кийин биротоло кийиз буюмдарын (көбүнчө шырдак) кармоого өтөт. Анын түр шырдактары дубалга тартууга да шартташкан. Анда ал бири бирине окшобогон 12-13 табакчаларын «аламыч» аркылуу (көбүнчө «бычак учу») бөлүп, ар биринин ичинен «кочкор мүйүз оюмунун» ичинен «кочкор мүйүз оюмун», «карга тырмак оюму» бар «куш канат оюмунун» ичинен «кочкор мүйүз оюмун», «кочкор мүйүз оюмунун» ичинен «жүрөкчө оюмун», «төрт кочкор мүйүз оюмунун» ортосунан өзүнчө өзөк, төрт «мандалак оюмунун» ичинен «ит куйрук оюмун» чыгарып, булардын колтуктарына «мүйүз оюмунан», «карга тырмак оюмунан», «куш канат оюмунан» турган «жарым кыял оюмун» берип, четине бир эле «бармак боочу оюмун», «ит куйрук оюмун», «сыңар мүйүз оюмун» караактан, кара-сарыдан, кара-кызылдан берип коюшу аркылуу кооз көрүнот. Жээк оюмдарында алды-артынан «мүйүз оюмдары» үзүл-кесилсиз берилген «жүрөкчө» мүнөздүү келет. Сүрөттө Буудайчиева Р. шакирти менен.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0