Буулантма

Википедия дан

Буулантма - күздүк жө жаздык эгинди эгүү үчүн даярдалган которуштуруп айдоо талаасы.

Ал жердин отоо чөптөн арылышына, ным жана азык заттарды жыйнаглына шарт түзөт. Буулантма таза, тосмолуу, эгилме, сидералдуу болуп бөлүнөт. Таза Буулантма каксоо жана кайрак жерлерде кеңири колдонулат. Мында күзүндө кыртыш коңторо айдалат да, жыл бою ным сакталып, арбын түшүм алынат. Ага көбүнчө күздүк жана жаздык эгилет. Топуракта азык заттар аз болсо, сидералдуу Буулантма жүргүзүлөт. Бул учурда эгилген өсүмдүк жыйналып алынбастан, коңторул айдалып таш-талат. Кыртышты отоо чөп басып кетсе, эгилме Буулантма колдонулат. Кыргызстанда эгилме Буулантма пайдаланылат, бул туруктуу жана мол түшүм алууну камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.