Буулантуу

Википедия дан

Буулантуу – эритмелерди кайнатуу жолу менен концентрациялоо. Буулантууда эритменин концентрациясы, тыгыздыгы, илээшкектиги жана кайноо температурасы жогорулайт. Эгерде эритме өтө каныккан болсо, эриген зат чөкмө түрүндө бөлүнөт. Эритменин кайноо температурасы эриткичтин кайноо температурасынан дайыма жогору болот. Бул айырма температуралык депрессия деп аталат. Депрессия концентрациясы жана сырткы басымдын көтөрүлүшү менен жогорулайт. Ал жылуулуктун таасири менен жүрөт. Буулантуу төмөнкү же жогорку атмосфералык басымда жана атайын вакуум аппаратта жүргүзүлөт. Химиялык жана тамак-аш өнөр жайында кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]