Буулануу жылуулугу

Википедия дан

Буулануу жылуулугу – басымы жана температурасы туруктуу (изобара процесси жана изотерма процесси) тең салмактуу процессте суюк затты газга (бууга) айландырууда сарпталуучу жылуулук саны. Анын сан мааниси буунун суюктукка айлануусуна (конденсация) кеткен жылуулукка барабар. Буу пайда болууда энергия жутулат, ал эми буу суюктукка өткөндө энергияны (жылуулукту) бөлүп чыгарат. Суюктукту газга айландырууну бирдей температурада талдап алуу ылайыктуу. Анткени ушул учурда бул чоңдук түздөн-түз калориметрдик жол менен ченелүүчү берилген жылуулук саны боюнча өлчөнөт. Суюктуктун буулануусунун салыштырма жылуулугу анын табиятына көз каранды. Катуу заттар да ар кандай температурада бууланат жана буу жылуулугун жутуу менен улантылат. Ал бөлүкчөлөрдү катуу заттын бетинен түздөн-түз «тартып» алууга сарпталат. Айрым катуу заттар (мисалы, нафталин, камфора, муз) кадимки шартта оңой бууланат. Жуулган кирдин кышында (аязда) кургашы муздун бууланышы болуп эсептелет. Металлдар кыйынчылык менен бууланат. Катуу заттын буу жылуулугу температурага көз каранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]