Буу турбинасы

Википедия дан

Буу турбинасы (лат. turbo - куюп, чимирик, ийик) - суу буусунун кеңейгендеги потенциалдык энергиясын механикалык энергияга айландыруучу жылуулук кыймылдаткыч.

Буу турбинасы жумушчу калактар бекитилген дискалуу ротордон, буу киргизүүчү жана чыгаруучу патрубоктуу станоктордон, диафрагмадан жана соплодон турат. Дискалар валга бекитилет. Турбина иштегенде соплодогу буу кеңейип, калакчалардын айлануу багытын көздөй буунун ылдамдыгы жогорулап, калакты айланып өткөн буунун агымы өзүнүн кыймыл багытын өзгөртөт. Бул учурда калакчаларга аракет кылган күчтөр жумуш аткарат. Буунун кеңейишине жараша Буу турбинасы активдүү жана реактивдүү болуп айырмаланат. Турбинанын айлануучу бөлүктөрүндө буу үзгүлтүксүз кеңейгендиктен, буу мезгил-мезгили менен кеңейе турган поршендүү буу машинасына караганда Буу турбинасында мех. энергиянын пайда болушу үзгүлтүксүз болуп турат. Ошентип, турбинада үзгүлтүксүз тез жүрүүчү электр генераторун, аба үйлөткүчтөрдү, аба кысуучу компрессорду иштетүүгө колдонулат. Буу турбинасы пайдаланышына жараша орунтуктуу жана көчмө болуп бөлүнөт. Орунтуктуу (стационардык) Буу турбинасы электр станциясына, көчмө турбина кемелерге орнотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.