Бухгалтердик отчёттуулук

Википедия дан
Бухгалтердик отчеттуулук‎»‎ барагынан багытталды)

Бухгалтердик отчёттуулук — чарба каражаттары, алардын булактарынын жана ишкананын (уюм, мекеме, фирма) жумуш жыйынтыгынын ал-абалын аныктоочу көрсөткүчтөр тутуму.

Ал ишкананын, уюмдун, мекеменин чарбалык эсебинин негизинде түзүлөт. Бухгалтериялык отчёттуулук мезгилдүү, айлык, чейректик жана жылдык болуп ажырайт. Мезгилдүү жана жылдык отчёттуулук көлөмүн жана формасын жыл сайын борбордук статистика башкармасы бекитет. Бухгалтериялык отчёттуулук жогорку жетекчи уюмдарга, насыялоочу, каржылоочу, мамлекеттик банк уюмдарына, борбордук статистика башкармасына, анын жергиликтүү уюмуна, жергиликтүү каржы органдарына тапшырылат. Каржы органдары отчёт маалыматтарынын негизинде ишкананын чарба ишин анализдеп, эсептешүү абалын тактайт да, пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөрдү аныктайт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]