Мазмунга өтүү

Буч жана фэм

Википедия — ачык энциклопедия
«Буч жана фэм коомчулугу» Нью-Йорктогу гей-прайдда, 2007-жыл
Фэм (сол жакта) жана буч түгөйлөр

Буч (англ. butch) жана фэм (фр. femme) — бул ЛГБТ коомчулугунда колдонулган сленг терминдер. Лесбиянкалардын «активдүү» же үстөмдүк кылган бучтарга жана «пассивдүү» фэмдерге бөлүнүшү XIX кылмандын аягында жана XX кылмандын башында башталган, бул мезгилде көптөгөн ак сөөк айымдаргомосексуалдуу романтикалык мамилелерде болушкан. Улуу Британияда 1928-жылы жазуучу Рэдклифф Холл өзүнүн «Жалгыздыктын кудугу»[1] аттуу романын жарыялайт, бул чыгарма фэм/буч жубайларга арналган алгачкы адабий сүрөттөмөлөрдүн бири катары тарыхта калат. Романдын каарманы Стефани Гордон бучтардын классикалык образы катары кабыл алынган, ал эми анын сүйүктүүсү Мери — фэмдердинтик өкүлү катары сүрөттөлөт.

Терминологияга болгон сындоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буч — бул маскулиндүү лесбиянка. Бучтар — бул «активдүү» ролдогу лесбиянкалар болуп эсептелет жана алар мамиледе доминанттык позицияны ээлешет. Бул «активдүүлүк» төшөк мамилелериндеги ролдорго тиешеси жок, тескерисинче, маскулиндүү жүрүм-турум моделин билдирет. Бучтар өз сүйгөн адамына кам көрүшөт, аны коргоп, колдоп турушат, үйдөгү «эркек» милдеттерди аткарышат жана оор жумуштар менен алектенишет. Аларга ошондой эле эркекке мүнөздүү көрүнүш жана мүнөз сапаттары таандык: карьерага умтулуу, үй-бүлөнүн материалдык жыргалчылыгы үчүн жоопкерчиликти алуу жана өнөктөшү үчүн тирек болууга болгон каалоо. Бучтар көп учурда эркекче кийим же унисекс стилиндеги кийим кийүүнү артык көрүшөт. Ошондой эле татуировка жана пирсинг жасатууну жактырышат.

Бучтар коомдо көбүрөөк көрүнүктүү болушкандыктан, көпчүлүк коомдук аң-сезим дал ошолорду эле лесбиянка катары кабыл алууга жакын. Эреже катары, бучтар өздөрүнүн гомосексуалдуулугун фэмдерге караганда эртерээк түшүнүшөт жана ачык айта башташат.

Фэм — бул феминдүү лесбиянкалар. Мамиледе алар көбүнчө жетектелген тарап болуп, өнөктөшүнүн камкордугун жана көңүл бурушун кабыл алышат. Сыртынан караганда фэмдерди гетеросексуалдуу аялдардан айырмалоо дээрлик мүмкүн эмес, ошондуктан көп учурда алар менен эркектер да таанышууга аракет кылышат.

Гендердик изилдөөчү Рея Эшли Хоскиндин айтымында, азыркы учурда «фэм» түшүнүгү кыйла кеңири мааниге ээ болуп, патриархат тарабынан белгиленген нормалардан айырмаланган ар кандай феминндүүлүктү өзүнө камтыйт.

«Буч» жана «фэм» түшүнүктөрүнүн ортосундагы айырмачылыктар шарттуу мүнөздө. Көптөгөн лесбиянкалар өздөрүн бул эки категориянын бирине да кошпойт. Мисалы, 1989–1990-жылдары жүргүзүлгөн сурамжылоодо америкалык лесбиянкалардын 18,5 % өздөрүн «фэм» деп, 14,7 % «буч» деп аташкан, 47,9 % андрогиндүү экенин билдиришкен, ал эми 18,8 % өзүнө ылайык аныктама таппаган. Үй-бүлөлүк даражасы, энеси менен болгон мамилеси, үйдөгү ролдору же сексуалдык практикасы боюнча «бучтар» менен «фэмдердин» ортосунда олуттуу айырмачылыктар аныкталган эмес.