Бытие (көркөм бирикме)

Википедия дан

Бытие (көркөм бирикме)– XX кылымдын 20-жылдарындагы москвалык көркөм бирикме. Бирикме көбүнчө Вхутемаста өздөштүрүлгөн сезаннизм принциптерин жактаган жаш сүрөтчүлөрдөн турган. Бул жаш сүрөтчүлөрдүн устат окутуучулары «Б-ни» уюштуруучулар жана аны жактоочулар болгон. «Б-нин» сүрөтчүлөрү негизинен өз алдыларына чектелген, тар чөйрөгө арналган, форманы түстүү, жандуу сүрөттөгөн «предметтик» милдеттерди коюшкан жана аларды эреже катары, пейзаж жана натюрморт «Б-нин кээ бир өкүлдөрү натураны терең окуп үйрө­нүүгө аракет кылышкан, бирок жаңы, турмуштук мазмунга көңүл бурулбагандыктан, жаңы живопистик формаларды издөө эч нерсеге алып келген эмес. Баштапкы жаңылыш түшүнүк бул бирикменин чыгармачыл өнүгүшүнүн алсырашына алып келген. «Б-нин» мына ушундай чабал жактары анын кээ бир өкүлдөрүнүн (мис., Ф. С. Богородский, П. П. Соколов-Скаль) бул бирикмеден чыгып, турмушту окуп үйрөнүүнүн негизинде жаңы реалисттик методдорду изилдөөсүнө түрткү берген. 1922-жылдан 1929-жылга чейин бул коом жыл сайын көргөзмөлөрдү уюштуруп турган, (1924-ж. болгон эмес). Коом жоюлгандан кийин анын өкүлдөрү башка бирикмелерге тарап кетишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]