Бюджеттен тышкаркы максаттуу фонддор
Бюджеттен тышкаркы максаттуу фонддор – КР каржы тутумундагы тарамдардын бири; акча каражаттарынын максаттуу мамлекеттик жана жергиликтүү фонддорунун түрү. Социалдык жана экономикалык болуп бөлүнөт. Социалдыкка – бааракыларды, жөлөкпулдарды, материалдык жардамдарды, медициналык тейлөөнү ж. б. каржылоо максатында түзүлгөн Бааракы фонду, Социалдык камсыздандыруу фонду, Ишке орноштурууга көмөктөшүү фонду, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кирет. Экономикалыкка – жол фонддору, уулуу зат калдыктары көмүлгөн жайларды жана тоо кендери иштетилген жараксыз жерлерди сактоо фонддору ж. б. кирет. Андан сырткары, мамлекеттик бийлик органдарынын алдындагы, ошондой эле комплекстүү жана максаттуу илимий-техникалык программаларды, илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйба-конструктордук жумуштарды иштеп чыгуучу, каржылоочу жана жүзөгө ашыруучу чарбалык субъекттердин тармактык жана тармактар аралык бюджеттен тышкаркы фонддор бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |