Бюллетень
Бюллетень (французча bulletin, италянча bulletino – жазылган кат, баракча) – 1) расмий актылардын, буйруктардын жана башка жыйнагы; 2) расмий кыскача билдирүү (аскердик аракеттердин жүрүшү, ден соолуктун абалы, аба ырайы жана башка жөнүндө); 3) өзүнүн иш-аракеттери жөнүндө жаңы маалыматтарды билдирип туруучу кайсы бир мекеме, уюм, органдын мезгилдүү же уланып чыгуучу басылмасы («Өкмөттүн бюллетени», «Жогорку Соттун бюллетени»); 4) шайлоо бюллетени талапкердин аты-жөнү жазылган документи; 5) медицина бюллетени, башкача айтканда жумушка жараксыздыгы жөнүндөгү баракча.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4