Роберт Бёрнс

Википедия дан
Бёрнс Роберт‎»‎ барагынан багытталды)

Бёрнс Роберт - (25.1.1759, Шотландия, Алоуэй кыштагы 21.7.1796, Дамфрис шаары) шотланд акыны. Жаштайынан жакырчылыктын каарын тарткан. Өз алдынча окуп билим алган. Шотландиянын элдик ырларына шыктанып, 15 жашынан ыр жаза баштаган. Жергиликтүү чиркөө төбөлдөрүн келекелеген «Эки койчу» (1784), «Сопусунган Виллинин сыйынуусу» (1785) аттуу сатиралык поэмаларын жазган. «Негизинен шотланд диалектисинде жазылган ырлар» (1786) деген биринчи китеби аны атак-даңкка бөлөгөн. «Брюс шотландиялыктарга» деген патриоттук гимндин, «Шайыр жакырлар» кантатасынын, граждандык жана ашыктык лириканын («Эркиндик дарагы» ж. б.) автору. Ал өзүнүн поэзиясы менен байланышкан Шотландиянын музыкалык жана поэзия фольклорун чогултуп, басмага даярдаган. Анын лирикасындагы негизги жанр ыр. Бёрнстын ырлары 19-кылымдын башынан орусчага которула баштаган. Айрым ырлары кыргыз тилине да которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]