Бүлөлү корукчасы

Википедия дан
Бүлөөлү корукчасы (заказниги)‎»‎ барагынан багытталды)

Бүлөлү корукчасы (заказниги) – Ош облусунун Алай районундагы токою корулуучу аймак. Бүлөлү өрөөнүндө. Ош токой чарбасына карайт. 1975-ж. Теңир-Тоо карагайы ареалынын түштүк чет жакасындагы карагай токоюнун эталон деп эсептелген аймагын коргоо максатында уюшулган. Арча токою да басымдуу. Бадалдардан четин, аюу карагат, табылгы, бөрүкарагат (изирик), ит мурун жана башка жыш өсөт. Аянты 384 га, анын 261 гасын Теңир-Тоо карагайы ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]