Бүркүт уя

Википедия дан

Бүркүт уя – Кочкор өрөөнүнүн батыш тарабындагы 6–9-кылымдарга таандык байыркы түрк урууларынын айкел эстеликтери жайгашкан жер. Маркумдарды эскерип жөрөлгө аткарылуучу жай болгон. Ошол мезгилде ал жердеги түрк тилдүү жергиликтүү калк маркум болгон туугандарына арнап тоонун жонунда жайгашкан түздүктө зыярат кылып турушкан. Бүгүнкү күндө төрт чарчы коргончо-эстеликтер, айкелдер сакталып калган. Бүркүт уя. археологиялык эстелиги 1990-ж. К. Табалдиев жетектеген археологдор тарабынан белгиленген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]