Бүчүр

Википедия дан

Бүчүр – тыным абалындагы өркүн. Ал башталма бүчүрдөн, сабактан жана жалбыракчадан же гүлдөн турат. Сабакчанын жогорку учунун өсүү конусунун клеткалары бөлүнүп, сабактын жаңы ткандарын, жаңы жалбыракчаларды жана каптал бүчүрлөрдү пайда кылат. Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн бүчүрлөрү түрпүлөр менен капталган, алар ички назик бөлүктөрүн сырткы таасирлерден коргойт. Сабактагы орду боюнча чоку жана каптал бүчүр болуп бөлүнөт. Чоку бүчүр өркүндүн учунда болуп, узарып өсүүнү камсыз кылат. Каптал бүчүрдөн бутак өсүп чыгат. Ал жайдын аягына чейин калыптанып, келерки жазга чейин өсүшүн токтоткондуктан, тынымдагы же кыштоочу бүчүр деп аталат. Кургакчылыкта тропиктеги дарак өсүмдүктөрдүн бүчүрү тыным абалына өтөт. Мелүүн алкакта жаздын келиши менен тынымдагы бүчүрдүн көбү өсүп, жаңы өркүндү берет. Өспөй, узак убакыт бою тыным абалында калгандары уйкудагы бүчүр деп аталат. Алар, белгилүү шарт болгондо өсүп, өркүнгө айланат. Бул өзгөчөлүктөрү мөмө жана кооз дарактардын шагын ар кыл түргө келтирүүдө, табигый тосмо катары өстүрүүдө эске алынат. Сабак менен жалбырактан турган бүчүр вегетациялык, гүл өсүп чыгуучулар гүл бүчүр, ал эми гүлү жана жалбырагы бар өркүн өсүп чыкса аралаш бүчүр деп аталат. Өсүмдүктүн жалбырагында, тамырында, сабагынын муун аралыгында пайда болсо, адвентивдик же көмөкчү бүчүрлөр делет. Уйкудагы жана адвентивдик бүчүрдөн чыккан өркүн тез өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]