Бөкөшов, Жамгырбек

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Бөкөшов, Жамгырбек - адабиятчы, философ.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

1954-жылы 10-ноябрда Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган.

1972-жылы «Өзгөрүш» орто мектебин алтын медаль менен бүтүрүп, Кыргыз мамалекеттик университетинин филология факультетин 1977-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1977–1978-жж. Кыргыз энциклопедиясында илимий редактор,

1978–81-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинде аспирантурада окуган.

1981–1992-жж. ушул университетте окутуучудан профессорлук кызматка чейин иштеген. 1983-жылы философия илимдеринин кандидаты.

1992-жылы философия илимдеринин доктору болгон. Социалдык жана педагогикалык илимдер академиясынын (Москва ш.) академиги.

1992–1995-жж. И.Арабаев атындагы педуниверситеттин 1-проректору,

1995–2000-жж. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында депутат болгон жана Билим, илим, маданият боюнча парламенттеги жана парламенттер арасындагы комитет, комиссиялардын төрагасы болуп иштеген.

2000–2005-жж. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ректор,

2005-жылдан Чүй университетинде проректор, ректор, кафедра башчысы, вице-президент. Социалдык-саясий техналогиялар институтунун директору.

Алгачкы адабийсын макаласы университеттин 1-курсунда окуп жүргөнүндө жарыяланган.

1993-жылдан Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү.

Көптөгөн эл аралык конференцияларда доклад жасаган. «Даңк» медалы, 1998 жылы Франциянын өнөр жай бирикмесинин алтын медалы менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

Таанып билүүнүн табышмактары. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 68 б.

Билим. Инсан. Коом. – Б.: 1994. – 32 б.

Аскар Акаев жана билим стратегиясы. – Жалал-Абад, 2000. – 116 б.

Философия жана адабият. – Жалал-Абад 2002, – 174 б.

Философия, Окума. – Жалал-Абад, 2003. – 2001 б.

Элүү ыр: Ырлар жыйнагы. – Жалал-Абад, 2004. – 70 б.

Орус тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

Предпосылочное знание. – Б.: Илим, 1991. – 147 с.

Истоки и горизонты познания. – Жалал-Абад, – 2000. – 216 с.

Современный университет: Проектирование будущего. – Жалал-Абад, – 2002. – 34 с.

Качество образования, качество жизни, качество труда. – Жалал-Абад, – 2003. – 28 с.

Неизбежность онтологии. – Жалал-Абад, – 2004. – 96 с.

Любовь к мысли. – Жалал-Абад, – 2004. – 115 с.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]