Бөлүкчө
(Бөлүкчөлөр барагынан багытталды)
Бөлүкчө — сүйлөмдөгү айрым сөздөргө, сөз айкаштарына же бүтүндөй сүйлөмгө ар кандай кошумча модалдык, маанилик касиет, логикалык маани киргизүүчү кызматчы сөздөр. Алар семантикалык, морфологиялык, синтаксистик белгилери боюнча өз алдынча кызматчы сөз түркүмү болуп калыптанган. Бөлүкчөлөр кызматчы сөз түркүмү болгондуктан, сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарбайт.
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4