Бөлүкчөлөрдүн поляризациясы
Бөлүкчөлөрдүн поляризациясы – өздүк импульс моментине – спинине жана анын мейкиндиктеги багытына байланышкан бөлүкчөлөрдүн абалынын мүнөздөмөсү.
Жарык поляризациясы түшүнүгү фотон – жарык бөлүкчөлөрүнүн поляризациясы менен байланыштуу. Тынч абалдагы массасы нөл болбогон (электрон, ядро ж. б.) жана I спиндүү (h бирдигинде) бөлүкчө 2I +1 кванттык абалга ээ. Бөлүкчөнүн абалы бул абалдын суперпозициясын элестетет. Суперпозиция коэффициенти толук аныкталса, анда бөлүкчө толук поляризацияланат жана тескерисинче. Жалпы учурда Бөлүкчөлөрдүн поляризациясы мейкиндигиндеги бөлүкчөлөрдүн касиеттеринин симметрия даражасын аныктайт. Бөлүк-чөнүн симметрия мүнөздөмөсү буралма окту камтыса, анда бөлүкчө поляризацияланат. Мындай ок болбосо, сфералык симметриясы да болбойт. Бөлүкчөлөрдүн поляризациясы Жалпы учурда параметрлердин (2I+ +12)–1 ге барабар саны менен аныкталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0