Бөлүп чыгаруу системасы
Көрүнүш
Бөлүп чыгаруу системасы — адамдын жана айбанаттардын организминдеги ашык сууну, тузду, алмашуу процессиндеги акыркы заттарды жана уу заттарды бөлүп чыгаруучу органдардын жыйындысы.
Эволюция процессинде Бөлүп чыгаруу системасынын ар башка түрү келип чыккан. Мис, курттардын Бөлүп чыгаруу системасы денесинин ичинде кирпикчелүү клеткалардан башталган сыртка ачылуучу тешикчелери бар түтүкчө түрүндө болот; омурткасыздардын көпчүлүгүндө бул кызматты ичегилери, омурткалууларда бөйрөк аткарат ж. б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.