Самансур Бөлөкбаев

Википедия дан
Бөлөкбаев, Самансур‎»‎ барагынан багытталды)

Самансур Бөлөкбаев (1918–1984) - жазуучу, котормочу. 1918-жылы 25-августа Москва районунун Кызыл-Дыйкан кыштагында туулган.

1937-жылы С.Бөлөкбаев Фрунзедеги педагогикалык техникумду бүткөндөн кийин «Ленинчил жаш» гезитинде адабий кызматкер болуп иштейт. Кийин Чаткал районунда билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 1939–1940-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинин редакторунун орунбасары, «Ленинчил жаш» гезитинин адабият бөлүмүнүн башчысы, котормочу, 1941-жылы С.Бөлөкбаев Ат-Башы районундагы «Ак-Жар» жети жылдык мектебинде директор болуп иштеп, бир жылдан кийин Советтик Армиянын катарына чакырылат. 1946–1949-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер, жооптуу катчынын орунбасары, 1967–1969-жж. «Кыргызкинопрокатта» редак-тор-котормочу болуп иштеген.

С.Бөлөкбаев өзүнүн адабий чыгармачылык ишин адегенде балдар адабияты боюнча көркөм адабият китептерин которуудан баштаган. Улуу Ата Мекендик согушка чейин эле ал А.Пантелеевдин «Пакет», В.Гюгонун «Гаврош» аттуу китептерин кыргыз тилине которгон.

1978-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген.

Ал 1964-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

С.Бөлөкбаев «Каармандык үчүн», 1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «Японияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жолдоштору жоодон куткарды: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 26 б.
Ачуу, таттуу аралаш. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 190 б.
Күлгөндүн билгени бар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 140 б.
Өнөрлүү кыз. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 164. – 114 б.
Чындык. – Ф.: Кыргызмамбас, 1966. – 170 б.
Аскар азамат. – Ф.: Мектеп, 1967. – 12 б.
Калп айтсам майнеке болоюн... – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 250 б.
Жусуп менен. – Ф.: Мектеп, 1969. – 167 б.
Чымчыкейдин жоруктары. – Ф.: Мектеп, 1973. – 87 б.
Татаал тагдыр. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 307 б.
Эмесе айтып берейин: Азил-тамашалуу повесть. – Ф.: Мектеп, 1977. – 116 б.
Чындык: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 340 б.
Байтур: Повесть, аңгемелер, мыскылдар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 200 б.
Өмүр бою: Автобиографиялык повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 252 б.
Калп айтсам: Сатиралык аңгемелер, юморлор, чымчыкейлер. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 172 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Смех берет: Сатирические и юмористические рассказы. – М.: Сов. писатель, 1968. – 118 с.
Истина: Повести. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 208 с.
Жизнь на волоске: Роман в 3-х книгах. – М.: Сов. писатель, 1984. – 368 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гюго В. Гаврош. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 30 б.
Пантелеев Н. Пакет. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 45 б.
Тихонов Н. Мен алиге жашап жүрөм. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 20 б.
Гайдар А. Тимур жана анын командасы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 120 б.
Фучик Ю. Дарга асылаар алдында. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 130 б.
Осеева В. Васек Трубачев жана анын жолдоштору. – Ф.: Кыргызмам-бас, 1952. – 230 б.
II китеп. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1953. – 250 б.
III китеп. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 240 б.
Сервантес М. Шумдуктуу Дон Кихот. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 669 б.
Рыбаков Н. Канжар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 296 б.
Гюго В. Куугунтук жегендер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 673 б.
Новиков Прибой. Цусима 1-китеп. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 424 б.
2-китеп. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 500 б.
Абрамов С. Лениндин мавзолейи. – Ф.: Мектеп, 1967. – 91 б.
Сибиряк М. Ак алтын. – Ф.: Мектеп, 1968. – 250 б.
Баруздин С. Өткөндөрдү эскерип. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 310 б.
Фучик Ю. Дарга асылар алдындагы сөз. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 240 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]