ВКП(б)нин бүткүл союздук он сегизинчи конференциясы

Википедия дан

ВКП(б)нин бүткүл союздук он сегизинчи конференциясы - 1941-жылы 15—20-февралда Москвада болгон.

Чечүүчү добуш менен 456, кеңеш берүүчү добуш менен 138 делегат катышкан. Анда партия уюмдарынын өнөр жай жанa транспорт жагындагы милдеттери, 1940-жылдын чарб. жыйынтыктары жанa 1941-жылга СССР эл чарбасын өнүктүрүү планы жанa уюштуруу маселелери талкууланган. Конференция 2-дүйн. согуштун башталышына байланыштуу татаал эл аралык кырдаалда өткөндүктөн Совет мамлекетинин коргонуу мүмкүнчүлүгүн ж-a согуштук күч-кубатын чыңдоого айрыкча көңүл бурун, бул тармактагы кемчиликтерди жоюу жагынан конкреттүү чаралар белгилеген, ошондой эле СССРдин эл чарбасын 1941-жылда өнүктүрүүнүн планын жактырган; партиянын Борб. Комитети жанa Борб. текшерүү комиссиясынын составын толуктаган.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.