Вагранкa

Википедия дан

Вагранкa - куюу өндүрүшүндө чоюнду эритүүгө арналган шахта меши. 18-кылымдын экинчи жарымына чейин чоюнду эритүү кендин өзүндөгү домна мешинде, кийинчерээк чакан домна мешинде жүргүзүлгөн. 1774-жылы орус өндүрүшчүсү А. Р. Баташев азыркы колдонулуп жаткан мештердин алгачкы түрүн Гусев заводунда жасаган. Биринчи вагранкaнын формасы 8 кырдуу болуп, кийинчерээк цилиндр түрүнө өткөн. Вагранкa эриген чоюн жыйналуучу төмөнкү очоктон, шихта материалдары жайгашкан ортоңку бөлүктөн, учкун өчүрүүчү жогорку камерадан турат. Вагранкaнын өндүрүмдүүлүгү саатына 1ден 30 ога чейин.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]