Вадоз суулары

Википедия дан

Вадоз суулары (латынча vadosus тайыз) 1) жер кыртышынын (литосфера) үстүңкү катмарында пайда болуп, тоо-тектердин тешиктеринен, көңдөйчөлөрүнөн, жаракаларынан орун алган жер астындагы суулар (ювенил сууларына карама-каршы түшүнүк); 2) атмосфералык жаан-чачындын жер кыртышына сиңишинен (инфильтрация) пайда болгон жана суунун жаратылышта айланышына катышуучу жер астындагы суулар. Вадоз сууларынын суусуз жерлерде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]