Вайгач

Википедия дан

Вайгач - Түндүк Муз океандагы арал. Баренц жана Кара (Карск) деңиздеринин чегарасында. Архангел облусуна (РФ) карайт. Материктен Югор Шар, Жаңы-Жер аралынан Кара Дарбазасы кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аянты 3,4 миң км2дей. Түздүктүү рельеф басымдуу; жалдардын бийиктиги 137 мге чейин. Арктикалык тундра мүнөздүү; саз көп. Калктуу пунктары: Вайгач, Долгая Губа, Варнек, Дыроватый. 1950-жылдан уюлдук станция иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]