Мазмунга өтүү

Вайнерт Эрих

Википедия долбоорунан

Вайнерт Эрих (4.8.1890, Магдебург 20.4.1953, Берлин) немис жазуучусу, акын. Испаниядагы улуттук-революциялык күрөштүн (1936-39) катышуучусу, «Эркин Германия» улуттук комитетинин президенти (1943-45). Вайнерттин ырлары, аңгемелери, пьесалары фашизмге каршы багытталып, демократиялык мүнөзгө ээ. «Эрих Вайнерт сүйлөйт» (1930), «Рот-фронт» (1936), «Немис солдаттарына» (1942), «Анык душманга каршы» (1944), «Дүйнөлүк тарыхтын экинчи главасы» (1947), «Испания тууралуу китеп» (1951) аттуу саясий-сатиралык чыгармалардын автору. Ал Т. Г. Шевченконун, М. Ю. Лермонтовдун, А. А. Блоктун, В. В. Маяковскийдин, А. Т. Твардовскийдин чыгармаларын немис тилине которгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]