Вакеа сүрөсү

Википедия дан
  • 56-сүрө «Вакиа[1]»
  • Меккеде түшүрүлгөн. Токсон алты айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Болуучу[2] болгон кезде,…
  • 2. Анын болуусун эч бир жалганга чыгаруучу жок[3].
  • 3. Ал[4] ылдыйлатат[5] жана жогорулатат[6].
  • 4. Жер катуу силкинген кезде...
  • 5. Тоолор да талкаланып,
  • 6. Учкан тозоң болгон кезде...
  • 7. Ошондо силер үч топко бөлүнөсүңөр.
  • 8. Оң кол ээлери... «Оң кол ээлери[7]» болуу кандай жакшы?
  • 9. Сол кол ээлери... «Сол кол ээлери[8]» болуу кандай жаман?
  • 10. Озгондор – Озуучулар.
  • 11. Алар –жакын [9]болгондор.
  • 12. Сыйлуу бакчаларда[10]
  • 13. Оболкулардан[11] көбүрөөк.
  • 14. Кийинкилерден[12] азыраак.
  • 15. (Алар) жасалгаланган мамыктардын
  • 16. үстүндө жөлөнгөн абалда бетме бет олтурушат.
  • 17. Түбөлүк жаш уландар аларды айланышат[13],
  • 18. агып турган булактан[14] (толтурулган) чөйчөк, кумура жана чыны менен.
  • 19. Ал мас да кылбайт, баш да оорутпайт.
  • 20. Каалашкан жемиши (болот),
  • 21. Табити тарткан куштардын этин[15].
  • 22. Ботокөз[16] үр кыздар (бар),
  • 23. сакталган бермет сыйактуу.
  • 24. Жасашкан иштеринин[17] сыйлыгы үчүн.
  • 25. Алар ал жерде бузуку, күнөө (болуучу) сөз угушпайт.
  • 26. Бирок «Тынчтык!», «Тынчтык[18]!» – деген сөздү гана (угушат).
  • 27. Оң кол ээлери. «Оң кол ээлери» болуу кандай жакшы?
  • 28. Тикенсиз дарактардын арасында[19].
  • 29. [20]жемиштери үстү-үстүнө үйүлгөн банан дарагы.
  • 30. (Алар) кенен жайылган көлөкө астында,
  • 31. Дайыма агып турган суусу (бар),
  • 32. [21] мол жемиштер...
  • 33. (Алар) түгөнгүс жана тыйуу салынбаган…[22]
  • 34. Өйдө көтөрүлгөн төшөктөрдө (олтурушат).
  • 35. Биз аларды[23] жаңыдан[24] жараттык.
  • 36. Биз аларды [25]кыз абалында калтырдык[26]
  • 37. күйөөсүн чындап сүйгөн[27] жана жаш курактары бирдей…
  • 38. [28]оң тарап ээлери үчүн.
  • 39. Оболкулардан бир топ[29],
  • 40. Кийинкилерден да бир топ.
  • 41. Сол кол ээлери... «Сол кол ээлери» болуу кандай жаман?
  • 42. (Алар) Тозоктун ысык шамалында, кайнак суунун ичинде (калышат),
  • 43. Карарган түтүн көлөкөдө (олтурушат),
  • 44. [30]салкын да эмес, жагымдуу да эмес.
  • 45. Акыйкатта алар мындан мурда ырахатта болушкан эле.
  • 46. Көктүк кылып, чоң күнөөгө батышкан.
  • 47. Алар: «Эгер биз өлүп, топуракка жана сөөккө айланган соң, кайра тирилебизби?» – деп айтышкан.
  • 48. Мурдагы[31] аталарыбыз дагыбы[32]?» (–дешкен).
  • 49. Айткын[33]: «Чындыгында, мурункулар да, кийинкилер да
  • 50. маалым болгон Күндө[34] белгилүү орунга[35] сөзсүз чогулушат.
  • 51. Анан албетте силер: «Эй, адашкан жалганчылар,
  • 52. сөзсүз, Заккум аттуу дарактан[36] жейсиңер.
  • 53. Аны менен курсагыңарды толтурасыңар.
  • 54. Анын үстүнөн кайнак суу ичесиңер.
  • 55. Абдан суусаган төөлөрдөй ичесиңер.
  • 56. Бул – Кыйамат Күнүндөгү алардын орду.
  • 57. Биз силерди жараттык: Эмне үчүн (Акыйкатты) мойунуңарга албайсыңар?
  • 58. Силер өзүңөрдөн куйганыңарды[37] эле карабайсыңарбы?!
  • 59. Аны силер жаратасыңарбы, же Жаратуучу Бизбизби?!
  • 60. Биз силердин араңарга өлүмдү аныктап[38] койдук, Бизден эч ким озо албайт!
  • 61. Силерди окшошторуңар менен алмаштырып, силер билбегенди жарата алабыз!
  • 62. Чындыгында оболку[39] жаратууну билесиңер. Эскертүү албайсыңарбы?
  • 63. Эмнени эгип атканыңарды – көрүп атасыңарбы?
  • 64. Аны силер өстүрөсүңөрбү, же Өстүрүүчү Бизби?
  • 65. Эгер Биз кааласак ал өсүмдүктөрдү кууратып коймокпуз. Күндүз туруп алып, таңданмаксыңар[40].
  • 66. «Чындыгында биз зыйанга учурадык!»
  • 67. Балким, куру калдык.
  • 68. Ичип жаткан сууңарды көрдүңөрбү?
  • 69. Булуттан аны силер түшүрдүңөрбү, же Түшүрүүчү Бизби?!
  • 70. Эгер кааласак аны ачуу кылып коймокпуз. Эмне, шүгүр кылбайсыңарбы?
  • 71. Күйгүзгөн отуңарды көрбөйсүңөрбү?
  • 72. Анын дарагын силер жараттыңарбы, же Жаратуучу Бизби?!
  • 73. Аны Биз эскертүү жана Жолоочуга пайдалуу кылдык.
  • 74. Улуу Эгеңдин ысмын аруула!
  • 75. Жылдыздардын ордуларына ант!
  • 76. Эгер билсеңер, бул, чындыгында – Улуу ант!
  • 77. Албетте, бул – Ыйык Куран.
  • 78. (Ал[41]) – Китепте[42] сакталган.
  • 79. Аны[43] тазалар[44] гана кармайт.
  • 80. (Ал) Ааламдардын Эгесинен түшкөн[45].
  • 81. Силер ушул Сөздү[46] кордоп, жалганга чыгарасыңарбы?!
  • 82. Ырыскыңар[47] үчүн шүгүр кылуунун ордуна, аны[48] чанып жатасыңарбы?
  • 83. Жан алкымга жеткенде,
  • 84. ал учурда силер карап турасыңар.
  • 85. Биз силерге караганда ага[49] жакыныраакпыз. Бирок силер көрбөйсүңөр.
  • 86. Эгер жазаланбай турган болсоңор,
  • 87. айтканыңар чын болсо, аны[50] кайтарып бергилечи!
  • 88. Эгер ал[51] жакындардан[52] болсо,
  • 89. ага – ырахаттуу жыргал, жакшы даам жана сыйлуу бакчалар[53] (дайар).
  • 90. Ал эми оң тарап ээлеринен болсо,
  • 91. Оң тарап ээлерине: «Тынчтык!» (деп айтылат).
  • 92. Ал эми, ал жалганга чыгаруучулардан[54], адашкандардан болсо,
  • 93. Анын сыйы – кайнак суу,
  • 94. (ал) Тозокко ташталат.
  • 95. Албетте, бул[55] – шексиз Чындык!
  • 96. Улуу Эгеңдин ысмы менен аруула!
  • [1] Вакиа – Болуучу
  • [2] Кыйамат Күнү
  • [3] Кыйамат кайым болгондо аны эч ким жалган дей албайт.
  • [4] Кыйамат
  • [5] кааапырларды Тозокко киргизет
  • [6] мусулмандарды Бейишке киргизет
  • [7] Эсеп китеби оң колунан берилгендер
  • [8] Эсеп китеби сол колунан берилгендер
  • [9] Аллага
  • [10] ошолор болушат.
  • [11] Мухаммед (а.с.)дан мурдакы пайгамбарлардын үммөттөрү
  • [12] Алардан кийинки мусулмандардан
  • [13] Кызмат кылышат
  • [14] суусундук булактан
  • [15] ташышат
  • [16] Алар үчүн
  • [17] ибадаттарынын
  • [18] болсун
  • [19] эс алышат
  • [20] Ал дарактардын
  • [21] Бейиштин
  • [22] адал, акысыз
  • [23] үр кыздар
  • [24] үр кыздар ата-энеден төрөлүшпөйт, Алланын керемети менен башкача жаратылат
  • [25] эркек көрө элек, таза, кыз бойунча
  • [26] үрлөрдү
  • [27] жан-дили менен берилип сүйгөн
  • [28] Мунун баары
  • [29] Оң тарап ээлери
  • [30] Ал жер
  • [31] Байыркы, эзелки…
  • [32] Алар да тирилишеби?
  • [33] Эй Мухаммед!
  • [34] Кыйаматта
  • [35] Махшар майданына
  • [36] Тозок дарагы
  • [37] Айалдарыңардын жатынына куйган урук жөнүндө ойлонбойсуңарбы?!
  • [38] өмүр, өлүм мөөнөтүн так белгилеп, чектеп
  • [39] Топурактан жаратылганыңарды
  • [40] Кайгырмаксыңар
  • [41] Куран
  • [42] Лавхул Мазфуз - тагдыр жазылган тактай
  • [43] Куранды
  • [44] Даараты барлар
  • [45] Куран
  • [46] Куранды
  • [47] Алла берип аткан
  • [48] Куранды
  • [49] адамдын денесинен чыгып бараткан жанга, рухка
  • [50] жанды, рухту
  • [51] жаны чыккан адам
  • [52] Аллага жакын, жакшы адам
  • [53] Бейиш
  • [54] Куранды жана Кыйаматты
  • [55] Сүрөдө айтылгандар