Вакциналоого каршы болуу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Медайым эмдеп жатат.
Адистик: Альтернативдик медицина, салттуу эмес медицина

Вакциналоого каршы болуужугуштуу ооруларга каршы вакциналоодон баш тартуу. Вакциналоонун майнаптуулугуна, коопсуздугуна жана мыйзамдуулугуна шек санаган каршы коомдук кыймыл бар.

Вакциналоого ишенбөөчүлүк менен мамиле кылуу вакциналоо кызматынын жеткиликтүүлүгүнө карабастан, жалпы вакциналоодон жана айрым вакциналардан толугу менен баш тартууну билдирет.

2019-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакциналоого жапырт каршылыкты дүйнө элинин саламаттыгына келүүчү негизги коркунучтардын бири деп атады. Вакциналоого каршы аргументтер илимий жактан далилденген эмес, вакциналоодон баш тартуу көбүнчө оорулардын пайда болушуна жана вакциналардын жардамында алдын алуучу кеселдердин айынан өлүмгө алып келет.

Идеянын келип чыгышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Вакциналоого каршы кыймыл англиялык дарыгер Эдвард Дженнер биринчи чечек вакцинасын иштеп чыккандан кийин уюштурулган. Ал кезде диний көз карашты жүйө кылып, вакциналоого каршы чыгышкан.

Мисалы, 1722-жылдагы үгүтүндө англиялык теолог Эдмунд Мэсси Кудай ооруларды күнөөлөрдү жазалоо үчүн жиберген, ал эми эмдөө жолу менен чечек оорусунан сактануу аракеттери «шайтандын иши» болуп саналат деп айткан.

Бул даават калктын калың катмарына угулуп, алгачкы диний каршылыктар пайда болгон Түндүк Америкага жеткен.

1870- жана 1880-жылдары көп сандагы адабияттар басыла баштады, анда эмдөөгө каршы коомдоштук вакциналардын майнапсыздыгы жана коопсуз эместиги, милдеттүү эмдөөлөрдүн адам укуктарын бузуп жатышы сыяктуу себептерден улам вакциналоого каршы чыгышты. Эмдөөгө каршы кыймыл, адатта, альтернативдүү медицинаны – гомеопатия, ийне сайып дарылоо, чөптөр менен дарылоо ж.б. – жактайт.

Кыргызстандагы вакциналоого каршылык[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстанда вакциналоого каршы чыккандардын саны жыл сайын өсүүдө. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында кызамык оорусунун 300дөн ашык учуру катталып, көпчүлүгү 6 жашка чейинки эмделбеген балдар болгон. Көпчүлүк ата-энелер диний себептерден улам балдарын эмдетүүдөн баш тартышкан.

Кыргызстандагы көптөгөн мусулман диний лидерлер эмдөө динге каршы келет дегенге макул эмес. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) сайтында диний позицияны түшүндүргөн билдирүү жарыяланып, анда «ар бир адам өзүнүн ден-соолугу үчүн жооптуу, ар бир адам тигил же бул эпидемияга каршы эмдөө алууга укуктуу» деп жазылган.

Вакцинанын курамдык бөлүктөрү коопсуз экени жана эч кандай уулуу же тыюу салынган заттарды камтыбастыгы жана бүт дүйнө жүзүндө, анын ичинде ислам шарияты жайылган өлкөлөрдө да кеңири колдонулары илимий жактан далилденген.

Коопсуздук жана зарылдык[оңдоо | булагын оңдоо]

Илимий далилдер вакциналоонун майнаптуу экендигин көрсөттү. Тастыктамасы бар вакцина ар тараптуу текшерүүдөн өтүп, андан кийин гана колдонууга жарактуу деп табылат. Окумуштуулар эмдөөдөн кийинки ыктымал терс натыйжалар тууралуу да маалыматтарды алуу үчүн көптөгөн маалымат булактарын байма-бай көзөмөлдөп турушат.

Жугуштуу ооруларды токтотуш үчүн гигиена менен санитариянын жогорку деңгээли, суу менен туруктуу камсыздоо жана коопсуз тамак-аш жетишсиз. Көптөгөн инфекциялар санитардык-гигиеналык жагдайдын сапатына карабастан жайылат.

Жалпы элдин иммунитетин оптималдуу деңгээлде сактабаса, вакциналардын жардамы менен жок кылынган оорулар кайра пайда боло берет. Эгер эмдөө жүргүзүлбөсө, көк жөтөл, полиомиелит жана кызамык сыяктуу сейрек кездешүүчү оорулар көп өтпөй кайрадан жайыла баштайт.

Кыйыр таасири[оңдоо | булагын оңдоо]

Дарылоонун бөлөк көптөгөн түрлөрүндөй эле, вакциналар да оор аллергиялык реакциялар өңдүү адамдын мазесин качырышы мүмкүн. Бирок дарылоонун бөлөк түрлөрүнөн айырмаланып, вакциналар дени сак адамдарга жасалат, ошондуктан кабылдап кеткен учурлар сейрек кездешет.

Көпчүлүк учурларда вакциналоодон кийин колдун оорушу же дене табынын бир аз көтөрүлүшү сыяктуу реакциялар жеңил мүнөздө байкалып, тез эле өтүп кетет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ): «Оор же узак мөөнөттүү кыйыр таасирлер өтө сейрек кездешет. Вакцинаны киргизгенген кийин организмдин олуттуу терс реакцияга туш болуу мүмкүнчүлүгү миллиондон 1ге барабар», – деп ырастайт.

COVID-19га каршы вакциналоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) жана анын өнөктөштөрү COVID-19га каршы тез арада вакцина иштеп чыгуу үчүн аракет кылышууда.

Учурда COVID-19 вакцинасына болгон талап жогору болгондуктан, аны иштеп чыгуу ыкмалары тездетилип жатат. Ошону менен бирге клиникалык жана коопсуздук стандарттары катуу сакталат. Мисалы, кээ бир клиникалык сыноолордун жүрүшүндө бир нече вакцина бир учурда бааланат. Бирок изилдөөлөр тыкыр жүргүзүлөт.

Дагы караңыз[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. https://en.wikipedia.org/wiki/Vaccine_hesitancy#Necessity
  2. https://de.wikipedia.org/wiki/Impfgegnerschaft#Wirksamkeit
  3. https://www.who.int/topics/immunization/ru/
  4. https://www.who.int/features/qa/84/ru/
  5. https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/%D0%B2%D0%BD%D0%B8%D0%BC%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D0%B5-%D0%BA%D0%BE%D1%80%D1%8C-%D0%B2-%D0%BA%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7%D1%81%D1%82%D0%B0%D0%BD%D0%B5
  6. https://ru.muftiyat.kg/
  7. https://www.who.int/ru/emergencies/diseases/novel-coronavirus-2019/question-and-answers-hub/q-a-detail/coronavirus-disease-(covid-19)-vaccine-research-and-development