Валерий Королёв

Википедия дан

Валерий Григорьевич Королёв (1919, Москва ш. – 1991, Бишкек ш.) – геолог, геология-минералогия ил. кандидаты (1958). Москва геол. чалгындоо ин-тун бүткөн (1944). Кыргыз ССР ИАнын Геология ин-тунда окумуштуу катчы, кенже ж-а улук илимий кызматкер, тектоника ж-а стратиграфия лабораториясынын жетекчиси (1944–87), Ин-ттун директорунун илим б-ча орун басары (1961 –75), улук илимий кызматкер (1987–91). Геология ин-тун уюштурууга ж-а калыптандырууга түздөн-түз катышкан. Теңиртоонун стратиграфиясы, тектоникасы ж-а магматизми б-ча негиздүү илимий изилдөөлөрү, аны Орто Азия аймагын изилдеген геологдордун алдынкыларынын катарына көтөргөн. Ал 120дан ашык илимий эмгектин, алардын ичинен 4 монографиянын автору. Республикада, күчтүү ж-а кеңири профилдүү геологдордун көптөгөн мектебин түзүүдө анын эмгеги зор. «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]