Мазмунга өтүү

Валлетта

Википедия — ачык энциклопедия
Борбор шаар Мальта
Валлетта
Желек Герб
Желек Герб
АймакМальта
ОблусТүштүк-Чыгыш аймагы
Координаттар35°53′00″ с. ш. 14°31′00″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшүВаллетта шаары
МэрАльфред Заммит
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1566-жыл
Климатынын түрүЖер Ортолук деңиз климаты
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Расмий тили[[Мальта тили

Англис тили]]

Калкы5,827 адам
Улуттук курамыМальталыктар
Диний курамыКатоликтер
ЭтнохоронимВаллетталыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+356
Почта индекстериVLT
Автоунаа кодуVLT
Сайтышилтеме
Валлетта (Мальта)

Валлетта (мальт. Belt Valletta, англ. Valletta) — Мальта мамлекетинин борбор шаары жана өлкөнүн саясий, маданий жана административдик борбору. Шаар Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан. Валлетта Европадагы аянты боюнча эң кичинекей борбор шаарлардын бири болуп саналат[1][2].

Шаар 1566-жылы Ыйык Иоанн ордени тарабынан негизделген[3]. Ал осмон аскерлеринин 1565-жылдагы Улуу курчоосунан кийин курула баштаган. Шаар ордендин улуу магистри Жан Паризо де Валеттин урматына аталган.

Валлетта тарыхый архитектурасы, чеп дубалдары жана барокко стилиндеги имараттары менен белгилүү. Шаардын тарыхый борбору 1980-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Мальта аралынын жээктери көптөгөн ыңгайлуу булуңдар менен тилке-тилке болуп кесилген, ийри-буйру жээк сызыктарынан турат Бул географиялык өзгөчөлүк азыркы Валлеттанын ордундагы отурукташкан конуштардын биздин заманга чейинки IX кылымдан бери белгилүү болушун шарттаган. Ошол доордо аралды финикийликтер колонияга айландырышкан. Кылымдар бою Мальта колдон колго өтүп келген: биздин заманга чейинки VII кылымда ал гректерге, VI кылымдан баштап Карфагенге, биздин замандын 218-жылынан тарта Римге таандык болгон. Кийинчерээк аны вандалдар басып алып, алардын ордун византийликтер ээлесе, 869-жылы аралды арабдар басып алган[4][5]. XI кылымда Мальтаны Сицилияга кошуп алган норманндар анын акыркы кожоюндары болуп, XVI кылымдын башында аралды Ыйык Иоанн орденине (мальтий рыцарларына) белекке беришкен.

Валлеттанын тарыхы, осмондордун падышасы Сулайман архипелагды басып алуу үчүн жөнөткөн түрк аскерлеринин чабуулун Жан де Ла Валлеттин жетекчилиги астындагы аз сандуу мальта рыцарларынын кошууну артка кайтарган учурдан башталат. Бул жеңиш Мальта тургундарына абдан кымбатка турган. Бул жагдай улуу магистрди келечекте душмандардын кысымына туруштук бере ала турган, жакшы чыңдалган шаар куруу чечимине алып келген.

Улуу магистр жаңы шаардын алгачкы кышын 1566-жылдын 28-мартында өз колу менен койгон. Бүткүл христиан дүйнөсүнөн келген берешен кайрымдуулук каражаттары курулуш иштерин абдан тез жүргүзүүгө мүмкүндүк берген. Курулушту италиялык архитектор Франческо Лапарелли жетектеген. Ал Валлеттанын планын иштеп чыгып, Европанын шаар куруу тарыхында алгачкы жолу бардык нерсени архитектуранын ченемдери менен эрежелерине ылайык жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Шаарда агынды сууларды чыгаруу жана таштандыларды тазалоо үчүн атайын системалар курулуп, бул иштердин курулуш калдыктарын топтобой таза жүрүшүн шарттаган. Көчөлөрдүн түзүлүшү деңиз шамалы бардык жерге кирип, абаны тазалап, салкындатып тургандай пландаштырылган.

Ошол мезгилде шаарды курууну катуу көзөмөлгө алган, бүгүнкү күнгө чейин сакталган атайын Шаар куруу департаменти түзүлгөн. Департамент үйлөрдү бир сызыктын боюна салууну, алардын бурчтарын скульптуралар менен кооздоону жана короодо жамгыр суусун чогултуу үчүн кудук казууну буйруган, ал эми үйлөрдүн астына бакча өстүрүүгө тыюу салынган.

Турак жайлар менен коомдук имараттарды тургузуу менен бирге, борбор калаанын айланасында инженердик коргонуу курулуштары пайда болгон: Ыйык Иоанн кавальери, Сант-Эльмо форту жана башкалар. Беш жылдын ичинде бул иштер аяктап, анын ичинде Валлеттаны аралдын негизги бөлүгүнөн бөлүп турган кенен аң казылган. Аңдын узундугу 1000 метрди, тереңдиги 18 метрди, ал эми туурасы 20 метрди түзгөн.

1570-жылдан баштап шаардын курулушун Лапареллинин шакирти Жироламо Кассар уланткан. Анын жетекчилиги астында Валлеттада сарайлар жана чиркөөлөр курулган. Шаарда соода, кол өнөрчүлүк жана искусство өнүккөн. Түрк баскынчыларынын коркунучунан арылган соң, мальта рыцарлары тез эле өздөрүнүн ыңгайлуу жашоосуна кам көрө баштап, үйлөрдү жана сарайларды курууга киришкени Валлеттанын көркүнө көрк кошкон. Шаарда бакчалар жана парктар негизделген.

1769-жылы бул шаарда Мальта университети уюштурулган.

1798-жылы согуштук жөндөмүн жана тартибин жоготкон рыцарлар Наполеондун аскерлерине каршылык көрсөтө алышкан эмес, атүгүл каршылык көрсөтүүнү каалашкан да эмес. Тескерисинче, алардын көбүнүн арасында француз улутундагылар болгондуктан, императорду абдан жылуу тосуп алышкан. Рыцарлардын мындай жүрүм-туруму Валлеттаны талкалануудан сактап, анын алгачкы архитектуралык көрүнүшүн өзгөртүүсүз сактап калууга жардам берген.

1800-жылы Валлетта бүтүндөй арал менен бирге англистердин бийлигине өтүп[6][7], 1964-жылга чейин алардын бийлиги астында калган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда шаар немис авиациясынын бомбалоолорунан улам олуттуу кыйроолорго учураган. 1974-жылдан тарта Валлетта көз карандысыздыкка жетишкен Мальта Республикасынын расмий борбору болуп саналат.

Валлетта Мальта аралынын түндүк-чыгыш жээгинде, Жер ортолук деңизинин эки табигый булуңунун (Марсамшетт жана Гранд-Харбор) ортосундагы аскалуу жарым аралда жайгашкан[8][9]. Шаардын айрым көчөлөрү Скиберрас тоосунун боорунда жайгашкан. Бүтүндөй өлкөдөгүдөй эле, шаарда да дарыялар жок; жер астындагы суулардын бир бөлүгү шор (туздуу) болгондуктан, калк айыл чарба муктаждыктары үчүн жамгыр суусун чогултууга жана тузсуздоочу курулмаларды колдонууга мажбур. Өсүмдүктөр дүйнөсү кедей, негизинен бадалдар өсөт. Айрым чөптөр фармацевтикада жана парфюмерия-косметика өндүрүшүндө колдонулат.

Валлеттада Жер ортолук деңиз климаты өкүм сүрөт: жайы ысык жана кургак (июль айында абанын температурасы +36°C чейин жетет), ал эми кышы жумшак жана жаанчыл келет (абанын температура +4°C төмөн түшпөйт). Жылдык жаан-чачындын көлөмү — 550 ммге жакын.

Валлеттанын аба ырайы
Көрсөткүч Үчт Бир Жал Чын Буг Кул Тек Баш Аяк Тог Жет Беш Жыл
Абсолюттук максимум, °C 22,2 26,7 33,5 29,1 35,3 40,1 42,7 43,8 37,4 34,5 28,2 23,9 43,8
Орточо максимум, °C 15,5 15,5 17,2 19,7 24,0 28,4 31,4 31,6 28,4 24,9 20,5 17,0 22,8
Орточо минимум, °C 10,5 10,1 10,9 12,7 15,6 19,1 21,5 22,3 20,6 18,1 14,8 12,0 15,7
Абсолюттук минимум, °C 1,0 0,6 1,4 4,4 7,0 11,0 15,0 13,0 12,8 8,0 6,0 3,7 0,6
Жаан-чачын нормасы, мм 89,0 61,3 40,9 22,5 6,6 3,2 0,4 7,0 40,4 89,7 80,0 112,3 553,3
Суунун температурасы, °C 14,5 14,5 14,5 16,1 18,4 21,1 24,5 25,6 25,0 22,2 19,5 16,7 19,4
Булак: Аба ырайы жана климат, Туристтик портал
  1. The 10 Smallest Countries in Europe (англ.) (31 May 2018).
  2. History of Valletta – Story About Valletta – Interesting Facts.
  3. Gugliuzzo, Carmelina (9 December 2011). "Building a Sense of Belonging. The Foundation of Valletta in Malta". Foundation, Dedication and Consecration in Early Modern Europe. Booksandjournals.brillonline.com. pp. 209–224. doi:10.1163/9789004222083_010. ISBN 9789004222083. Archived from the original on 26 April 2017. Retrieved 26 April 2017. Unknown parameter |url-status= ignored (help)
  4. thinksite.eu. Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2026. Түп булактан архивделген күнү 29 -июнь (кулжа) 2018.
  5. 'Xagħret Mewwija: L-Istorja tal-Belt … Milwija' aka Dragut's revenge – The Malta Independent.
  6. Zammit, Andre (1986). "Valletta and the system of human settlements in the Maltese Islands". Ekistics (Athens Center of Ekistics) 53 (316/317): 89–95. JSTOR 43620704.
  7. Let's hide the majestic bastions, Times of Malta (18 November 2012).
  8. Gatt, Oliver (2008). Valletta City of the Knights. Bdlbooks.com. p. 1. ISBN 978-99957-20-05-6. Archived from the original on 3 September 2017. Retrieved 26 May 2017. Unknown parameter |url-status= ignored (help)
  9. Guillaumier, Alfie (2005). Bliet u Rħula Maltin. 2. Klabb Kotba Maltin. p. 947. ISBN 99932-39-41-0.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]