Валютанын реалдуу алмашуу курсу
Валютанын реалдуу алмашуу курсу - чет өлкөлүк валютанын атамекендик валютанын бирдиги менен көрсөтүлүүчү баасы. Мисалы, АКШнын 1 долларына сомдун алмашуу курсу. Валютанын реалдуу алмашуу курсун кээде сооданын шарты деп аташат. Алмашуу курсу реалдуу жана номиналдуу деп бөлүнөт. Эгер валютанын реалдуу алмашуу курсу жогору болсо, анда чет өлкөлүк товарлар салыштырмалуу арзан, ал эми өз ата мекенинде чыгарылган товарлар салыштырмалуу кымбат болот.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4