Валюта котировкасы

Википедия дан

Валюта котировкасы — чет өлкөлүк валюталардын курсун колдонуудагы мыйзам нормаларына жана калыптанган ыкмаларга ылайык белгилөө. Валюта котировкасын мамлекеттик (улуттук) же ири коммерциялык банктар ишке ашырат. Валюта котировкасынын эки негизги түрү бар: тике жана кыйыр. Көбүнчө тике түрү тараган, мында чет өлкөлүк валюта улуттук валюта бирдиктеринин белгилүү санында көрсөтүлөт. Кыйыр валюта котировкасында улуттук валютанын бирдиги чет өлкөлүк валютанын белгилүү бир санына теңештирилет. Мындай ыкма Англияда колдонулат, мында бирдик катары фунт стерлинг алынат жана чет өлкөлүк валютанын айрым сандарында көрсөтүлөт. Расмий валюта котировкасы тууралуу маалыматтар атайын бюллетендерде, ишкер басма сөздөрдө, мезгилдүү басылмаларда жарыяланат. Рынок котировкалары өзгөрүлмөлүү болгондуктан, курс бирдиктеринин олуттуу жиктелишине алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]