Ванахун

Википедия дан

Ванахун - Мансуз [1907, Пишпек уезди, (азыркы Кант району, Милянфан кыштагы) 5.7.1943, Курск облусу, Согласный кыштагы] Советтер Союзунун Баатыры (8. 9. 1943). Улуу Ата Мекендик согушта 11-миномётчулар бригадасынын (12-артиллериялык дивизия) миномёттук расчётунда командир. 1943-жылы 5июлда Курск облусундагы Согласный кыштагынын түштүк-батышында душман менен болгон урушта сержант Ванахундун расчёту катардан чыккандан кийин, фашисттердин чабуулуна Ванахун өзү жалгыз туруштук берет. Акырында минаны жарып, курчап келген гитлерчилерди кыйратып, өзү да курман болгон. Ленин ордени менен сыйланган. Советтер Союзунун Баатыры наамы курман болгондон кийин берилген. Анын ысмы менен Милянфан айылындагы мектеп, Кант шаарындагы көчө аталып, Милянфанда музей-үйү уюшулган. Орёл облусундагы Малоархангельск шаарында (Россия Федерациясы) мемориалдык такта орнотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]