Варга, Евгений Самуилович

Википедия дан

Варга, Евгений Самуилович (6. 11. 1879-ж. Будапешт — 7. 10. 1964, Моск­ва)—советтик илимпоз-экономист.

  • Эл ара­лык коммунисттик кыймылдын ишмери. СССР ИАнын акад. (1939). 1920- жылдан КПСС мүчөсү.
  • Венгрияда айыл мугалиминин үй-бүлөсүндө туулган Студент кезинен революциячыл кыймылга катышып, марксизмдин активдүү пропагандисттеринен бол­гон.
  • 1919-ж. Венгрияда Совет бийлигин орнотууга активдүү катышкан. Венгриянын финансы эл комиссары, андая кийин Эл чарбасы боюнча жог. советинин председатели болуп иштеген.
  • 1919-ж. Москвага көчүп келген. Коминтерндин активдүү ишмерлеринин бири болуп, делегат катары анын конгресстерине жана пленумдарына катышкан. 192747-ж. СССР ИАнын Дүйн. чарба жана дүйнөлүк саясат институтун башкарып, «Дүйнөлүк чарба жана дүйнөлүк саясат» журналынын башкы редактору болгон.
  • Варга— каппт. саясий экономияны изилдеген көрүнүктүү илимпоз. Марксизм-ленинизм илиминин өнүгүшүно олуттуу салым кошкон.
  • Лениндик сыйл. лауреаты (1963).
  • Ал үч Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.